Өмүрбаяны
1966- жылдын 20- январында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “ветеринардык дарыгер” адистигин аяктаган.1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
Эмгек ишмердигин 1993-жылы жеке ишкерликтен баштаган.
2005-жылы III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2006–2007- жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бийик тоолуу, алыскы региондордун жана климаттык шарттары оор райондордун маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы болгон.
2010-2012- жылдары – «Петрол Групп» ЖЧКсынын тышкы башкармалыгынын жетекчиси;
2012–жылы Ата-Мекен» социалистик партиясынын тизмеси менен Vчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыболуп шайланган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы болгон.
2015 жылдын 4-октябрында Ата-Мекен» социалистик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.
Мамлекеттик кызматтын II - класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.