Зулушев Курманкул Токторалыевич

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында 1970-жылы туулган.

Билими – жогорку. 1998-жылы Ош Мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы “Ак-Жар” совхозунда жумушчу.  

1988-1990-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1988 – 1999-жж. Ош технологиялык университетинин мугалими, декандын орун басары.

2000-ж. Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы

2001-ж. Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру.

2001-2005-жж. Нарын облусунун Кочкор районуну прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы.

2005-2007-жж. Чүй областынын Жайыл районунун прокуратурасынын ага тергөөчүсү, Чүй областынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй областынын Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз транспорттук прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы.

2007-2013-жж. Чүй областынын Сокулук райондук сотунун судьясы.

2013-ж. Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары.

2015-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Vl-чакырылыштагы “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.