Өмүрбаяны
1973-жылы 16-ноябрда Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү.
2000-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин,2008-жылы Бишкек каржы-экономикалык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун 1995-2005-жылдары курулуш жана коммерциялык компанияларда жетекчилик кызматтарда иштеп баштаган.
2000-2001-жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
2005-2006-жылдары «Кыргызмунайгаз» Ачык акционердик коомунун маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары.
2006-2008-жылдары «Кыргызмунайгаз» ААКсынын маркетинг жана материалдык- техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысы.
2007-2008-жылдары «Кыргызмунайгаз» ААКсынын башкармалыгынын мүчөсү болгон. 2008-2010-жылдары «Кыргызмунайгаз» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы.
2010-жылы октябрда V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы.
2011-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Экономиканын тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы болгон.
2012 -2015-жылдары Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2015-жылдын 4-октябрында «Бир Бол» саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.