Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети

Шадиев Аскарбек Алимбаевич

Комитеттин төрагасы

Телефон: 0312 63- 90-36

1969-жылы 31-январда Баткен областына караштуу Лейлек районундагы Голбо айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

1988-жылы Фрунзе Политехникалык техникумун артыкчылык менен аяктап, гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, 1999-жылы ушул эле университеттин юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1993-жылы «Сфера» өндүрүш-коммерциялык фирмада башкы бухгалтердин орун басары болуп баштаган.

1995-жылы «Азнур ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомдун коммерциялык директору.

1995-жылы «Корпорация Датка» жоопкерчилиги чектелген коомдун вице-президенти.

2000-2002-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты. Жеке менчик, приватизация жана лицензия берүү комитетинин төрагасы болгон.

2002-жылы каржы министринин орун басары кызматында иштеп, ошол эле жылы каржы министрлигинин алдындагы киреше комитетин жетектеген.

2003-2005-жылдары Баткен областынын губернатору.

2005-2007-жылдары III чакырылыштагы  Жогорку Кеңештин  депутаты.

2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты.

Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы болгон.

2010- 2011-жылдары КРнын энергетика министри.

2011-2012-жылдары КРнын энергетика жана өнөр жай министри.

2015-жылдын 4-октябрында  «Бир Бол» саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин   депутаты болуп шайланган.

VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.