Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети

Асылбек уулу Дамирбек

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-88-60

1981-жылдын 3-февралында Ысык-Көл областынын Каракол шаарында туулган.

1993-1998-жылдары Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынан билим алган.

Жогорку билимдүү. 1998-2003-жылдары Жалал-Абад коммерциялык институтунун экономика факультетин «Бухгалтердик эсеп»адистиги боюнча бүтүргөн.

2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык Академиясынын эл аралык мамилелер факультетинин «дүйнөлүк экономика» кафедрасында «Экономика чөйрөсүндө дипломат» адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолун 2000-жылы баштаган. 2000-2004-жылдары «АРМS» ЖЧКсынын башкаруучу директору.

2006-2008-жылдары «Sky-Mobile» ЖЧКсынын атайын кат-кабарларды кайра иштеп чыгуу кызматы бөлүмүнүн башкаруучусу.

2008-2009-жылдары «БиМаКом» ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси.

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

2010-2015-жылдары «Альфа-Телеком»  ЖАКында компаниянын кызыкчылыгын коргоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча координатор.

2015-жылы "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси боюнча  VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү. 3 баланын атасы.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70-жылдыгы Юбилейлик медалы, Долон Омурзаков атындагы Ведомстволук сыйлык, Рамзан Кадыров атындагы медаль, Эл аралык «FILA» күрөш Федерациясы ордени менен сыйланган.

2012-жылдан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын Биринчи Вице-Президенти.

2013-жылдан ушул мезгилге чейин «AAWC» спорттук күрөшү боюнча Азия Кеңешинин Вице-Президенти болуп саналат.

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери болуп эсептелет.

1997-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын мыкты спортчусу болуп таанылган.

1997-жылы Словениянын Марибор шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээлеп, мелдештин бронза сыйлыгына татыктуу болгон.

1998-жылы Бишкек шаарында өткөн спартакиаданын чемпиону болгон.

1999-жылы Ирандын Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатында утуп чыгып, Азия чемпиону болгон.

1999-жылы Кыргызстандын Бишкек шаарында өткөн Орто Азия оюндарынын чемпиону болгон.

2001-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында Азия чемпионатынын байгесин жеңип алган.

2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде биринчи орунга татыктуу болгон.

2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде байгеге татыктуу болгон.

2006-жылы «Голден Гран При»  турниринин серияларында чемпион болгон жана байге жеңип алган