КСДП парламенттик фракциясы

Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312-63-85-29

1960–жылдын 19- февралда Ош облусунун Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында туулган.

Жогору билимдүү. 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Фрунзе политехникалык институтунун Өндүрүш жана граждандык курулуш факультетин бүтүргөн.

2011–жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун бүтүрүп, юрист адистигин алган.

Эмгек жолун 1980- жылы Нарын ГЭСинде, «Киргизглавэнерго» ишканасында (Күрпсай, Токтогул ГЭСтеринде) баштаган.

1986-1991-жылдары CССР түстүү металдар министрлигине караштуу Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводунда инженер, өндүрүш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1991-1995–жылдары Каракөл шаарындагы «Скорпион» жол курулуш фирмасынын директору болуп иштеген.

1995-2001–жылдары Кыргыз-белорус биргелешкен «Неман» аттуу компанияны жетектеген.

2001-2004 – жылдары – «Неман-Холдинг» ЖЧКнын башкы директору болгон.

2005-2007–жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыболуп шайланган.

2007-2009–жылдары Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча IVчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2010-2011–жылдары Кыргыз Республикасынын Энергетика министри;

2011 - 2012–жылдары «Кыргызалтын» ААКнун башкарманын төрагасы;

2012-2013–жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри;

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы

2009–жылы экономика илимдери боюнча кандидаттыгын жактаган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» деген наамга ээ.

«ДАҢК» медалы менен сыйланган.