"Бир Бол" парламенттик фракциясы

Чудинов Игорь Витальевич

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-91-32

1961-жылы 21-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун ЭВМ Фрунзе заводунда инженер-программист болуп баштаган, кийин ошол эле заводдун программалоо бюросунун начальниги болуп дайындалган.

1987-1988-жылдары ЭВМ Фрунзе заводунда комсомол комитетинин катчысы.

1988-жылы Кыргыз ССРинин ЛКСМдин Октябрь райондук комитетинин Биринчи катчысы.

1990-жылы Кыргыз ССРинин ЛКСМдин Борбордук комитетининэкинчи катчысы.

1991-1992-жылдары Эл аралык бизнес-мектебинде окуган.

1994-жылдан 2005-жылга чейин жеке ишкердик менен алектенген.

2005-жылдын апрель айында «Кыргызгаз» Ачык акционердик коомунубашкы директору.

2007-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстар министри.

2007-жылдын декабрынан баштап 2009-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн башчысы – премьер-министри.

КРнын Өнүгүү фондунун директору болгон.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2015-жылдын 4-октябрында  «Бир Бол» саясый партиясынан VI чакырылыштагы  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.