Өмүрбаяны
1979-жылы 26-мартта Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 2001-жылы Бишкектеги экономика жана финансылык академиясын кесиптик финансы жана менеджмент адистиги боюнча аяктаган. Ушул эле жылы Москва шаарындагы Эл аралык университетинин «менеджмент» адистигине ээ болгон. 2008- жылы Бишкек шаарындагы финансы-экономикалык академиясынын магистратурасын бүтүргөн.
2001-2003-жылдары Junior Achievement Kyrgyzstan фондунун сырткы байланыштар боюнча менеджери болуп эмегектенген.
2003-2006-жылдары Бишкек финансы-экономика академиясынын “Эл аралык байланаш жана карьера” бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген..
2006-2010-жылдары ОЮЛ “EdNet” “Билим берүү мекемелер ассосациясынын” аткаруучу директору жана “TeachEx"Жогорку билим берүү академия коомдук фондунун директору болгон.
2010-2015-жылдары Жогорку Кенештин депутаты ( “Ата Мекен” парламенттик фракциясы), парламенттин Мамлекеттик түзүлүш, адам укуктары, конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрайымы болгон.
2015- жылдын 4-октябрында “Ата Мекен” партиясынын тизмеси аркылуу VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы кенешчиси. (2012-ж).
Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги (2008-ж.)
Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы (2012-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы (2012-ж.).
Бир баланын энеси.