Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1975-жылдын 13-мартында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетинин «инженер-технолог» адистигин, 2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридика факультетин, 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн;

Эмгек жолун 2003-2005-жылдары «Алимбеков» биргелешкен ишканасынын директорлугунан баштаган;

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген;

2008-2010-жылдары жоопкерчилиги чектелген «Папан Курулуш» ишканасынын директору болуп эмгектенген;

2008-2010-жылдары  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси болгон;

2010-жылы «Республика» партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон;

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланган;

2021-жылдын ноябрында № 8 Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы