"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Бокоев Кенжебек Сатымкулович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312-63-89-05

1967-жылдын 27-ноябрында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1992-жылы Москвадагы А.С.Скрябин атындагы ветеринардык академиянын зооинженердик факультетин бүтүргөн.

1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөгөн.

1992-1995-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.

1995-1997- жылдары Кара-Буура районундагы «Токчулук» дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген.

1997-1998-жылдары Кара-Буура районундагы «Кол кабыш» жоопкерчилиги чектелген коомдун директору болгон.

1998-2005-жылдары Талас облусундагы «Кутман Ордо» фермердик ассоциациясынын төрагасы болуп эмгектенген.

2005-2010-жылдары Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

2010-жылы октябрда «Республика» саясый партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.

2015-жылы «Республика» саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.
 

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы

- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы кеӊешчиси; 

- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги;

- мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

«Эрдик жана кайраттулук үчүн» ордени, «Афган элинин атынан», «Ооганстан аскерлерди чыгаруунун 15 жылдыгы үчүн» ордени, «аскер кызматында өзгөчөлүгү үчүн 2-даражадагы» наамы, «СССР Аскер кызматынын 70 жылдыгы үчүн», «Кыргыз милициясына 80 жыл» менен сыйланган.