Субанбеков Бакирдин Жамалович

"Бир Бол" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-91-65

1952-жылдын 18-февралында Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттикуниверситетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1970-жылы №2903-автоколоннанын айдоочусу болуп баштаган.

1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1973–1974-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын бөлүмүнүн жол көзөмөлдөөчү инспектору;

1974–1980-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин мамлекеттик автоинспекциясынын бөлүмүнүн жол көзөмөлдөөчү ага инспектору;

1980–1983-жылдары Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн мамлекеттик автоинспекциясынын райондор аралык каттоо-сынак бөлүмүнүн мамлекеттик автоинспектору;

1983–1985-жылдары Калинин райондук(азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;

1985–1986-жылдары Москва райондук  ички иштер бөлүмүнүн социалисттик мүлктү уурдоо менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн (ОБХСС ОВД) ыкчам-ыйгарымдуу, ага ыкчам-ыйгарымдуу кызматкери;

1986–1988-жылдары Кара-Балта шаардык ички иштер бөлүмүнүн социалисттик мүлктү уурдоо менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн (ОБХСС ОВД)  башчысы;

1988–1990-жылдары Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

1990–1992-жылдары  Кара-Балта шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы;

1992–1994-жылдары  Калинин районунун (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн башчысы;

1994–1996-жылдары Ош областык ички иштер башкармалыгынын башчысы;

1996–2001-жылдарыЧуй областык ички иштер башкармалыгынын башчысы;

2001-жылдын март-октябрь айларында КР Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;

2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын июнуна чейин  КР Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын башчысы;

2002 – 2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

2005-жылдын мартынан 2011-жылдын ноябрына чейин КР Ички иштер министрлигинин кадр резервинде, (айкалыштыруу боюнча) коомдук коопсуздук маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси;

2013-жылдын апрель айынан 2015-жылдын апрель айына чейин «Манас» эл аралык аэропорту» АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;

2015-жылдын 17-февралында “Бир бол” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды.

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Сыйлыктары:  «За отличную службу по охране общественного порядка», «Данк», I даражадагы  «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн», II даражадагы «За безопасность народа».