Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Аманкулов Марат Аскерович

Комитеттин төрагасы

Телефон: 0312-63-88-28

1970-жылдын 24-мартында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган.

Жогорку билимдүү. 2004-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

1990-жылы экспортко багытталган жеңил өнөр жай продукциясын өндүрүү ишмердиги менен алектенген.

2008-жылы №3 Гагарин шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2009-жылы Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болгон. 2011-жылдын 29-мартында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган.

2011-жылдын декабрында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган.

2012-жылдын ноябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты  болуп шайланган.

2012-жылы 28-ноябрда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган.

2015-жылдын 4–октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Муниципалдык кызматтын  1- класстагы кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызматынын отличниги.

 “Бишкек шаары үчүн жасаган зор эмгеги үчүн” медалы, Бишкек шаарынын Ардак грамотасы, “Мустафа Кемаль Ататүрк” атындагы илим жана маданияттын эл аралык кайрымдуулук фондусунун Ардак  грамотасы жана алтын медалы менен сыйланып, “XXI кылымдын меценаты жана жылдын мыкты ишкери» наамы ыйгарылган.