"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Байбакпаев Экмат Журукпаевич

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-88-30

1959-жылдын 3-ноябрында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Сретенко айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1982-жылы Воронеж мамлекеттик университетинин Филология факультетин бүтүргөн.

1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика факультетин бүтүргөн.

1984-1986-жылдары Сокулук районундагы «Народная трибуна» гезитинин редакциясында кабарчы болуп иштеген.

1987-1990-жылдары  Кыргыз Телеграф Агенттигинин (КирТАГ) башкы редакциясында кабарчы болгон.

1990-1994-жылдары  «Труд» гезитинин (Москва ш.), Кыргызстандагы өздүк кабарчысы.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буюрмасына ылайык Кыргыз Республикасынын басма сөз кызматынын референти болуп дайындалган.

1996 -1998-жылдары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы болуп иштеген.

1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк инвестиция жана экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин, Донорлорду координациялоо башкармалыгынын башчысы.

2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун жардамчысы болгон.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестициаларды тарттыруу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган.

2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин Банктроттук иштер башкармалыгынын башчысы.

2006-2010-жылдары «Кыргызтелеком» ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү.

2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министирлигинин алдындагы Мүлктүк мамилелер департаментинин директору.

2014-2015-жылдары «Тазажан» ЖЧКсынын коммерциялык директору.

2015-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты,  «Республика – Ата Журт» саясий партиясы.

Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.