1959-жылдын 3-ноябрында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Сретенка айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1982-жылы Воронеж Мамлекеттик Университетинин Филология факультетин бүтүргөн.

1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1983-жылы Сокулук райондук керектөөчүлүк бирлигинин Сокулук даярдоо конторасында даярдоочу катары баштаган.

1984-1986-жылдары Сокулук районундагы «Народная трибуна» гезитинин редакциясында кабарчы болуп иштеген.

1986-1987-жылдары “Колхозная новь” гезитинин редактору болуп эмгектенген, Панфилов атындагы колхозунун мүчөсү болгон.

1987-1990-жылдары  Кыргыз Телеграф Агенттигинин (КирТАГ) башкы редакциясында кабарчы болгон.

1990-1994-жылдары  «Труд» гезитинин (Москва ш.) Кыргызстандагы өздүк кабарчысы.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматынын референти болуп дайындалган.

1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы болуп иштеген.

1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Донорлорду координациялоо башкармалыгынын башчысы.

2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун жардамчысы.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестициаларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган.

2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестициаларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Банктрот иштери боюнча башкармалыгынын башчысы.

2006-2010-жылдары «Кыргызтелеком» ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү.

2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин директору.

2014-2015-жылдары «Тазажан» ЖЧКнун коммерциялык директору.

2015-жылдын октябрында «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.

«КМШ ПАА. 25 жыл» медалы (2017-ж.), Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин «Экономиканын Отличниги» төш белгиси (2017-ж.) менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.