Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети

Мамытов Талант Турдумаматович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-88-10

1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында туулган.

1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5 орто мектепти аяктаган.

Жогорку билимдүү. 

1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Юриспруденция" бөлүмүнө тапшырган.

2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган.

2001-2002-жыл — Жалал-Абад облусунун прокуратурасынынмыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор.

2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчүсүнүн кызматында болгон.

2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы, 2005-2006-жылдары Кыргызстандын башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурорунун кызмат орунуна ээ болгон.

2006-жыл – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.

2006-2007-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары кызматында иштеген.

2007-2009-жылдары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору катары иштеген.

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата-Журт" саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон. 2011-2013 жылдары "Ата-Журт" парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.