"Бир Бол" парламенттик фракциясы

Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-86-20

1956-жылы 26-апрелде Жалал-Абад областындагы Аксы районуна караштуу Кичи-Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кечүү айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1978-жылы Рязань шаарындагы радиотехникалык институтун аяктап, «физикалык электроника» адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1978-жылы Фрунзе политехникалык институтунда жөнөкөй окутуучудан баштаган.

1982-жылга чейин Фрунзе политехникалык институтунун аспиранты.

1984-1986 жылдары Фрунзе политехникалык институтунун комсомол комитетинин катчысынын кызматын аткарган.

1986-жылы Белорус ССР инин илимдер академиясынын электроника институтунда техника илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактаган.

1991-жылы Ленинград шаарындагы так механика жана оптика институтунда докторлук диссертациясын жактаган (Санкт-Петербург)

1992-жылы профессорлук окумуштуулук наам алган.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (оптика жана голография адистиги боюнча).

1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Илим жана жаңыт ехнологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы.

1994-1995-жылдары КыргызРеспубликасынын Илим жана билим министрлигинин биринчи орун басары.

1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын Мамлекеттик секретарынын биринчи орун басары.

1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысы

1998-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер министри.

1998-2000-жылдары Жалал-Абад областынын Мамлекеттик Администрациясынын башчысы-губернатору.

2000-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри.

2002-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер министри, транспорт жана коммуникациялар министрлигинин министри.

2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биринчи вице премьер-министри.

2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын физика институтунун илимий лабораториясынын башчысы.

2009-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын физика-техника проблемалары жана материалдарды таануу институтунун директору, ошол эле учурда Раззаков атындагы КТУнун «Информатика жана эсептөөчү техника» кафедрасынын башчысы.

2015-жылдын 4-октябында  «Бир Бол» саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.