Казакбаев Руслан Айтбаевич

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-89-45

1967-жылы 18-майда Талас областынын Кара-Буура районуна караштуу Бейшека айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Унаа жана унаа чарбалык» автоунаа куруу бѳлүмүн;

2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык бѳлүмүн;

2004-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын ийгиликтүү аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

1992-1994 жж. - Кыргыз Респуликасынын илимдер Академиясында алгачкы ишмердигин баштаган.

1995-1996 жж. – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин  Консулдук башкармалыгында - үчүнчү жана экинчи катчы болуп эмгектенген.

1996-1999 жж. - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Туркия) Башкы консулдун орун басар кызматында ишеген.

1999-2005жж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматтын башкы башкармачылыгында – башкармачылыктын жетекчиси болуп ишеген.

2005-2009 жж. - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Туркия) Башкы консул кызматында ишеген.

2009-ж. январь-октябрь – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.

2010-ж. апрель – Кыргыз Республикасынын Убактылуу ѳкмѳтүнүн Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалган.

2010-ж. декабрь – 2012-ж. сентябрь – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматында ишеген.

2012-ж. октябрь-ноябрь – Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына «Республика» саясий партиясынан талапкер болгон.

2015 ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлѳлүү, алты баланын атасы.