Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети

Бабанов Омурбек Токтогулович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-87-39

1970-жылдын 20-майында Талас областынын Кара-Буура районундагы  Чимкент айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

1993-жылы Москвадагы К.А.Тимирязев атындагы айыл чарбалык академияны “агрономия” адистигине ээ болгон.

2005-жылы Москвадагы Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн астындагы элдик айыл чарба Академиясын “Финансалык менеджмент” адистиги боюнча бүтүргөн.

2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында юриспруденция тармагында жогорку билимге ээ болгон.

1988-1989 жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн.

1995-1998 жылдары Тараз шаарында (Казакстан) “Арлан” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп иштеген.

1998-1999 жылдары "Шымкентнефтеоргсинтез" ААКнун Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлү, 1999-2000 жылдары "Мунай" компаниясынын директорунун орун басары кызматында иштеген.

2000-2004 жылдары "Кыргызпахта" ЖАКнун президенти (Жалал-Абад ш.)

2002-2005 жылдары "Петро Казахстан Ойл Продакс" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси катары иштеген.

2005-жылы Кара-Буура шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына дайындалган.

2010-жылы "Республика" саясий партиясын негиздеп, анын төрагалыгына шайланган. Ошол эле жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна дайындалган.

2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматында иштеген.

“Республика-Ата Журт” саясий партиясынын тең-төрагасы.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  VI чакырылышына “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын тизмесинен депутат болуп шайланган. "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынын лидери.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2002-жылы Токтогул Бабанов атындагы академиялык мектеп-комплексин негиздеген. Анда 150 жөндөмдүү бала акысыз окуйт.

К. А. Тимирязев атындагы Орусия мамлекеттик агрардык университетитин кам көрүүчү кеңешинин мүчөсү.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.