Исмаилова Аида Жекшенбаевна

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-91-52

1976-жылдын 17- декабрында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Бишкек гуманитардык универститетинини «Чыгыш таануу» факультетин 1999-жылы бүтүрүп, "Эл аралык мамилелер" адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 2000-жылдан чет өлкөлүк инвесторлорду Кыргызстанга тартып келүү менен баштаган.

2011-жылы кореялык PARK *OPC компаниясынын Кыргызстандагы жергиликтүү өкүлү болуп ишин уланткан.

2013-жылдан 2015-жылга чейин жеке ишкердик менен алектеген.

2015-жылдын октябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.