Джакупова Чолпон Идиновна

"Бир Бол" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-89-07

1959-жылы 25- мартта Чүй областынын Аламүдүн районундагы Стрельникова айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

1982-жылы Москва мамлекеттик университеттин тарых факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин саясат тарыхы кафедрасында окутуучу болуп иштөөдөн баштаган.

1982–1983-жылдары – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин КПССтин тарыхы кафедрасында сыноо стажын өтүүчү окутуучу.

1983–1984-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университеттин саясат тарыхы кафедрасында окутуучу.

1983–1986-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университеттин аспиранты.

1986–1990-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университеттин КПССтин тарыхы кафедрасында окутуучу.

1990–1995-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университеттин гуманитардык факультеттин окутуучу.

1995–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын социалдык эмгек министрлигинин миграция департаментинин директору.

1999–2002-жылдары “Миграция жана качкындардын маселелери боюнча регионалдык борбору” коомдук фондунун директорунун орун басары.

2002-жылдын февралынан баштап бүгүнкү күнгө чейин – «Адилет» укуктук клиникасы коомдук фондунун директору.

Тарых илимдеринин кандидаты.

2015-жылдын 4-октябрында  «Бир Бол» саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Жесир, эки баланын энеси.