Өмүрбаяны
1967-жылы 13-июлда туулган.
Жогорку билимдүү. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетин бүтүргөн. 2010-жылы КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолун 1988-1992-жылдары КРнын ички иштер органдарында кызмат өтөп баштаган.
1992-жылы АКШ өкмөтүнүн жогорку бийликтегилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын окутууларынан өткөн.
1992-1994-жылдары Кыргызстандын президентинин Күзөт кызматында ага офицер.
1994-1997-жылдары КРнын Чүй областынын губернаторунун жардамчысы.
1997-2000-жылдары КРнын улуттук коопсуздук министрлигинин “Калкан” террорго каршы борборун жетекчиси.
1998 –1999-жылдары АКШ өкмөтүнүн терроризмге каршы атайын окутууларынан өткөн.
2005-жылы КРнын Премьер-министринин кеңешчиси.
2009-2012-жылдары КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы.
КРнын Самбо федерациясынын Ардактуу президенти.
2015-жылы КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаты.
Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы.