ШАЙНАЗАРОВ ТЫНЧТЫК УРАЙИМОВИЧ

 

Шайназаров Тынчтык Урайимович, 1974-жылы Ош облусунун Карасуу районунда туулган. Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетин 1996-жылы бүтүрүп, ушул эле жылы Ош областынын Чоң-Алай районунун прокуратура органында мөөнөткер-тергөөчү катарында эмгек жолун баштаган.

Прокуратура тутумунда  15-жыл эмгектенип, алардын ичинде -тергөөчү,  кылмыштарды изилдөө үчүн көзөмөл боюнча бөлүмүндөрүн жетектеп, 2009-жылы Жалалабат шаарынын прокурордук кызматына дайындалган. Прокуратура органдарында көп жылдар иштөө менен ээ болгон чоң тажрыйбасы ага өзүнүн иш-милдеттерин сапаттуу, ыкчам жана жемиштүү натыйжа менен аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берген.

2010-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган жана         2010-жылдын декабрь айынан 2012-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланып, 2012-жылдын феврал айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан шайланган.

Т.У.Шайназаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин курамында 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мүчө болуп, үзүрлүү иш алып келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын тең төрагасы болуп 2015-жылы шайланган.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жарандарды жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу маселелерин иликтөө боюнча ЖКнын убактылуу депутаттык комиссиясын жетектеген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде иштеген мезгилде Т.У.Шайназаров мыйзамдуулукту чыңдоого, адам жана жаран укугун коргоого, ошондой эле кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошту.