Өмүрбаяны
1964-жылдын 31-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1986-жылы Айыл чарба техникумун «веттехник» адистиги боюнча, 1996-жылы Кыргыз айыл чарба институтун «ветеринардык врач» кесиби боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1986-жылы Жети-Өгүз районундагы Тамга совхозунан жумушчу болуп баштаган.
1986-жылы ушул эле совхозго ветеринар кызматына которулган.
1987-жылы Тамга совхозунун комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген.
1988-жылы Тамга совхозунун зоотехниги, ал эми 1993-жылы совхоздун болум башчысы кызматын аркалаган.
1994-жылы Тамга дыйкан чарбалар кооперативинин башкы адиси болгон.
1996-жылы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган.
1999-жылы Тамга дыйкан чарба кооперативинин торагасы болуп шайланган.
2005-жылы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайрадан шайланып, 2011-жылы өз каалоосу менен кеткен.
2015-жылдын 4-октябрында «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмесиненVI чакырылыштын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлү, беш баланын атасы.