"Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясы

Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-87-96

1964-жылдын 31-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1986-жылы Айыл чарба техникумун «веттехник» адистиги боюнча, 1996-жылы Кыргыз айыл чарба институтун «ветеринардык врач» кесиби боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1986-жылы Жети-Өгүз районундагы Тамга совхозунан жумушчу болуп баштаган.

1986-жылы ушул эле совхозго ветеринар кызматына которулган.

1987-жылы Тамга совхозунун комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген.

1988-жылы Тамга совхозунун зоотехниги, ал эми 1993-жылы совхоздун болум башчысы кызматын аркалаган.

1994-жылы Тамга дыйкан чарбалар кооперативинин башкы адиси болгон.

1996-жылы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган.

1999-жылы Тамга дыйкан чарба кооперативинин торагасы болуп шайланган.

2005-жылы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайрадан шайланып, 2011-жылы өз каалоосу менен кеткен.

2015-жылдын 4-октябрында  «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмесиненVI чакырылыштын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлү, беш баланын атасы.