"Бир Бол" парламенттик фракциясы

Абдылдаев Мыктыбек Юсупович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-86-39

1953-жылы Чүй областынын Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетининфилология факультетин, 1989-жылы Москва шаарындагы СССР ИИМ башкаруу академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1970-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдун токарлыгынан баштаган.

1971-1976-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти.

1976–1981-жылдары – Фрунзедеги Советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын методисти, инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.

1982–1983-жылдары – Кыргызстан комсомолунун Ысык-Көл обкомунун катчысы. 1983-жылдын декабрынан 1986-жылдын августуна чейин – Ысык-Көл облаткомдун ИИБ саясий бөлүмүнүн начальниги. 1986-жылдын августунан 1989-жылга чейин СССР ИИМ Башкаруу академиясында (күндүзгү бөлүмүндө) окуган.

1989-жылы Ысык-Көл облустук ИИБ начальнигинин орун басарлыгына дайындалган.

1990-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаттыгына шайланып, парламенттин туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

1991-жылдын ноябрынан тартып 1994-жылдын ноябрына чейин – Ысык-Көл областынын ИИБ начальниги.

1994-жылдын ноябрынан тартып 2001-жылдын январына чейин – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, биринчи орун басары.

2001-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорлугуна дайындалган.

2002-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

2002–2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2006-жылдын майынан 2007-жылдын майына чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси.

2010-жылдын октябрында «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 

2015-жылдын 4-октябрында "Бир Бол" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Юридика илимдеринин кандидаты. Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Милициянын генерал-лейтенанты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. I даражадагы «Аскердик кызматы үчүн» медалы, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Содружество» ордени менен сыйланган. 

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.