1974- жылы 16-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл – Сеңир айылында туулган.
Жогорку билимдүү.1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын "окутуучу-машыктыруучу" адистиги боюнча аяктаган;
2010-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын бүтүргөн;
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында "Эл аралык мамилелер" багыты боюнча магистр даражасын алган.
Эмгек жолун 1998-жылы Жалал-Абад облусунун Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик институтунун филиалында дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган;
2000-2007-жылдары жеке ишкер;
2007 – жылдан 2010-жылга чейин - "Элдик чындык"коомдук фондунун төрагасы;
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр – жай палатасынын Кытай Элдик Республикасындагы өкүлү;
2011-2012 – жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун кеңешчиси;
2015- жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган;
2015 - жылдан 2021-жылдын июнь айына чейин- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2021 –жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.
2021- жылы №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.
Сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин диплому;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы,
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы;
- Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы;
- Сузак районунун «Ардактуу атуулу»;
- Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу»;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси
- Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери.
-Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.