Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети

Икрамов Тазабек Икрамович

Комитеттин төрагасынын орун басары

Телефон: 0312-63-85-06

1974-жылдын 16-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеӊир айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия  жана спорт институтун «Дене тарбия  мугалими» адистиги боюча, 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тартбия  жана спорт институтунун  Жалал-Абад облусундагы  филиалында дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган.

2000-2007-жылдары жеке ишкер.

2007-2010-жылдары «Элдик чындык» коомдук фондун төрагасы.

2010-2011-жылдары КР Соода жана өнөр-жай палатасынын Кытай Элдик Республикасындагы өкүлү

2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциянынбашкы директорунун кеӊешчиси.

2015-жылдын 4-октябрында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына шайланган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.