Өмүрбаяны
1981-жылдын 18-сентябрында Нарын областынын Нарын шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетин финансы жана кредит адистиги боюнча артыкчылык менена бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылы Бишкек шаарындагы «Кыргызресурс» МИнин директордун жардамчысы болуп иштөө менен баштаган.
2007-2010-жылдары «Балыкчы-Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп иштеген.
2010-2015-жылдары «ReGoM» (РеГоМ)» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп иштеген.
2015-жылдын 4-октябрында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.