Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич

"Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-86-79

1956-жылдын 6-июнунда Нарын областынын Ат -Башы районунун Кызыл-Туу айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1978- жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун окутуучу адистиги боюнча бүтүргөн. Ал эми 2001- жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин сырттан окуп бүтүрүп, экинчи кесипке - менеджер адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1973- жылы Нарын шаарындагы темир- бетон чыгаруучу заводдо жумушчу болуп баштаган.

1978-1979- жылдары «Колхозчу» ыктыярдуу спорт коомунун борбордук кеңешинин машыктыруучусу болуп иштеген.

1978-1981- жылдары В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз- келиндер педагогикалык институтунда дене тарбия кафедрасынын мугалими, ал эми 1981-1991- жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда окутуучу, ага окутуучу, дене тарбия кафедрасынын башчысы болуп иштеп, аталган окуу жайлардын спорттук клубдарын жетектеген. 10 жылдан ашуун Кыргызстандын волейбол федерациясынын жетектеген.

2005-2007- жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болгон.

2016-жылдын 4-октябрында “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

 2003 —жылы «Данк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле «Манас—1000», «Ош —3000», «Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы» эстелик медалдарынын ээси.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кенешчиси класстык чини бар.

Волейбол боюнча спорт чебери.

- Республикалык волейбол федерациясынын ардактуу президенти;

- КР ат оюндар федерациясынын вице- президенти;

- КР мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жана Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору;

- Эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги;

- КР «Белбоо күрөшү»  федерациясынын вице президенти (2011- жылы);

- Белбоо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын вице президенти (2015- жылы).