Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети

Бакиров Мирлан Исакбекович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 66-13-28

1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Ж.Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «бухгалтердик эсеп, контроль жана АХД» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад областы боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

1998- 1999-жылдары - «Жалал-Абад АА» корпорациясында башкы бухгалтер.

1999- 2003-жылдары - Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн начальниги.

2003-2005-жылдары - «Марьям и Ко» ЖЧК директордун орун басары, 2005- 2010-жылдары - «Дан-Юг» ЖЧК директору.

2010-жылдын октябрында «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 

2015-жылдын 4-октябрында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат,суу ресурстары,экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы.

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.