1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Ж.Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «бухгалтердик эсеп, контроль жана АХД» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад областы боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

1998- 1999-жылдары - «Жалал-Абад АА» корпорациясында башкы бухгалтер.

1999- 2003-жылдары - Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы.

2003-2005-жылдары - «Марьям и Ко» ЖЧК директордун орун басары, 2005- 2010-жылдары - «Дан-Юг» ЖЧК директору.

2010-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2015-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2015-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары,экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетин төрагасы.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V жана VI чакырылыштарынын депутаты катары азыркы убакытка чейин 35 тен ашуун мыйзам долбоорун демилгелеген.     

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Иран Ислам Республикасы менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Алган сыйлыктары:

-  КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы менен;

- Евразия экономикалык биримдигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

         -  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун «Ардактуу атуулу» наамынын ээси. 

       - Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.