Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети

Асылбаева Гүлшат Кадыровна

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-90-79

1960-жылы 27-августа Казакстан Республикасынын Жамбул облусунун Кордай районунун Георгиевка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1982-жылы Москвадагы Советтик соода институтунун экономист адистигин сырттан окуп бүткөн.

Эмгек жолун 1982-1995-жылдар «Азия» АКсынын башчысы болуп иштөөдөн баштаган.

1995-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Туризм жана спорт министрлигинде башкы адис.

1997-2006-жылдары “Шумкар” АКсынын башкы директору;

2006-2014-жылдары “Кыргыз Коньягы” ишканасынын башкы директору.

2015-жылдын 4-октябрында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

2010-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жесир, эки баланын энеси.