Өмүрбаяны
1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү.
1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин бүтүргөн. Адистиги боюнча «Экономист».
Эмгек жолун 1995-жылы «Жамиля и К» өндүрүш-коммерциялык фирмасында директордун кызматынан баштаган.
1998-1999-жылдары айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча «Азия-Сузак» дыйкан чарбасынын төрагасы.
2000-2007-жылдары «Мариям» ЖЧК ун комбинатынын башкы директору.
2007-2009-жылдары IV-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.
2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
2011-жылдан-2013-жылдын июнь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.
2013-жылдын 25-апрелинен баштап «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын Төрагасы.
2015-жылы 4-октябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
«Ардак» төш белгисинин ээси.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.