КСДП парламенттик фракциясы

Рыспаев Кожобек Жайчыбекович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-91-48

1963-жылдын 25-январында Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1985-жылы Фрунзедеги Советтик соода техникумун “Товар таануу жана өнөр жай товарларынын соодасын уюштуруу” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз улуттук университетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча, 2013-жылы Кызыл-Кыядагы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин (КМТУ) алдындагы Жаратылышты пайдалануу жана геотехнология институтун “тоо-кендери жаткан жерлерди иштетүү” адистиги боюнча аяктаган.

1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Ооганстан Республикасында интернационалдык милдетин аткарган.

Эмгек жолун 1985-жылы Фрунзедеги “Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүндө “Килем буюмдары” секциясынын контролёру катары баштаган. 1986-жылы №16 Биринчи май дүң-чекене жашылча-жемиш дүкөнүндө улук сатуучу болуп иштеген.

1986-1992-жылдары “Комфорт” дүкөнүндө улук сатуучу – “Курулуш материалдары” секциясынын башчысы болуп эмгектенген. 1992-жылы “Азат” чакан ишканасынын директорунун коммерция боюнча орун басары кызматын ээлеп турган.

1992-1996-жылдары – “Ооган” чакан ишканасынын директору.

1996-жылы Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

2010-жылы “Ар-Намыс” саясый партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Кынтыксыз кызматы жана жоокердик каармандыгы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктар, ордендер жана медалдар менен сыйланган: “Каармандыгы үчүн” медалы (1983-ж.), СССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы (1988-ж.), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1999-жыл), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2004-жыл), Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы (2011-ж.), “Интернационалист жоокерге Ооган элинин атынан ыраазычылык” медалы (1988-ж.), “СССРдин Аскер Күчтөрүнө 70 жыл” юбилейлик медалы (1988-ж.), “Ооган согушунун ардагерине” эстелик ордени, “Каармандык үчүн” ордени, “Каармандыгы жана эрдиги үчүн” медалы, “Локалдуу чыр-чатактардын катышуучусуна” медалы, “Советтик аскерлердин Ооганстан Республикасынан чыгарылганына 15 жыл” эстелик медалы, “Согуш аракеттеринин ардагери” (2005-ж.), “Каармандыгы үчүн” медалы (2005-ж.), “Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 20 жыл” (ОФ), “Жоокердик эрдик” 2-даражадагы төш белгиси (2010-ж.), “Ата Мекенге кызматы үчүн” ордени (2010-ж. ОФ), “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы (2012-ж. ОФ “Жоокердик боордоштук” (АОКУ), “Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн” медалы (2013-ж.), “Жоокердик боордоштук” Ардагерлердин бүткүл Орусиялык коомдук уюмунун (АОКУ) Ардак белгиси (2013-ж., ОФ) ж.б.