Примов Улан Бердибаевич

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-86-18

1978-жылдын 7-декабрында Ош шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ош технологиялык университетиндеги каржы жана экономика факультетин бүтүргөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы тамеки-ферментациялык заводдо кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.

Жогорку окуу жайды бүткөн соң Ош облусунун Алай районунун каржы башкармалыгында жетектөөчү адис, башкы бухгалтер, экономика бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеген.

2004-жылы “Пэрити-Коал” ЖЧКсын негиздеп, 2014-жылга чейин директор болуп иштеген.

2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, Бюджет, экономика жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссияны жетектеген.

2012-жылы III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, 2014-жылдын январь айында Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон.

2015-жылынын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.