Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-92-10

1970- жылдын 22- мартында Ош облусунун Кара- Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ош мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2013- жылы Академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин “өнөр жай жана жарандык курулуш” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1991-жылы “Ошкоопкурулуш” (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинде мастер, прораб болуп иштөө менен баштаган.

2001-2013 жылдары “Ошкоопкурулуш” (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинин башкы директору болуп иштеген.

2007-2012 жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты, 2012- 2015-жылдары Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) Ош бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү, чет элдик инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы.

2008-2015 жылдары Ош шаарынын ишкерлер союзунун жетекчиси.

2012-2015 жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты, “Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси.

2015- жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.