Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети

Мусабекова Жылдыз Аманбековна

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-85-14

1975-жылдын 23-февралында Нарын облусунун Ат Башы районунун Ак-Моюн айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “журналистика” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1992-1993-жылдары Ат-Башы районундагы Бирлик  айылындагы «Маадабай» дыйкан чарбасына жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1995-1996-жылдары «Асаба» гезитинде алгач стажер болуп, 1996-2001-жылдары гезиттин кабарчысы болуп иштеген.

2001-2007-жылдары «Агым» гезитинин кабарчысы, 2007-2008-жылдары «Дефакто» гезитинин башкы редакторунун орун басары, 2008-2009-жылдары «Айат пресс» гезитинин башкы редактору кызматтарын аркалаган.

2009-2010-жылдары «Эл-сөзү» жана «Форум» гезиттеринде башкы редактор, 2010-жылы «Айат» гезитинин башкы редактору болуп дайындалып 2012-жылдарга чейин иштеген.

2012-2015 жылдары Бишкек шаардык мэриясынын №3 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси болуп турган.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч кыздын апасы.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер