Өмүрбаяны
1964-жылдын 16-апрелинде Талас облусунун Талас районунда Кара-Ой айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Механико-математикалык факультетин бүтүргөн.
1986-жылы жогорку окуу жайларынын информатика борборунда инженер-программист болуп иштеген.
1988-1992 жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Механико-математикалык факультетинин методика кафедрасында инженер болуп, кийин математика кафедрасында инженер-техник болуп эмгектенген.
1992-жылдан 2001-жылга чейин И.Арабаев атындагы педагогикалык институтта физика жана информатика кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.
2010 жылдан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кенешинин мүчөсү.
2015-жылдын 4-октябрында VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.