Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1972-жылдын 24-октябрында Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Суу айылында туулган;

Билими жогорку. 1993-жылы Ош Технологиялык техникумун токуу өндүрүшү боюнча техник адистиги боюнча бүтүргөн;

2001-жылы Ош Технологиялык техникумун «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолун 1989-жылы Ош шаарындагы №59 балдар бакчасынын тарбиячысынын ассистенти болуп баштаган;

1990–2016-жылдары – жеке ишкер;

2016–2021-жылдары – Ош шаарынын шаардык кеңешинин депутаты;

2021-жылдын ноябрында "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

Сыйлыктары:

Туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош облмамадминистрациясынын Грамотасы менен сыйланган, 2001-жылы;

«Бизнес Шанс» конкурсунда «2001-жылдагы мыкты ишкер» наамы ыйгарылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2001-жылы;

Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин Грамотасы, 2003-жылы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Грамотасы, 2011-жылы;

Үй-бүлөлүү, кызы жана 3 уулу бар.