1979-жылы 7-сентябрында Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун М.Баетов айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү.
2001-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетин аяктап, инженер кесибине ээ болгон.
2018-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын, “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолу:
2001-2002-жылдары №12 Турак- жай эксплуатациялоо башкармалыгында-мастер;
2002-2003-жылдары №4 Турак- жай эксплуатациялоо башкармалыгында-мастер;
2003-2006-жылдары «Чындоо» ЖЧК курулуш фирмасында - мастер, инженер, башкы инженер;
2006-2008-жылдары «Интер- Альянс» ЖЧК - башкы энергетик;
2008-2011-жылдары «Профит Экспресс» ЖЧК – курулуш компаниясында аткаруучу директор;
2021-жылы "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Тѳрагасы.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы (2018-жыл);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы (2020-жыл);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы (2018-жыл);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, Курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы (2019-жыл);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин юбилейдик медалы (2018-жыл);
Кыргыз Республикасынын Президентинини алдындагы Башкаруу Академиясынын Ардак грамотасы (2012-жыл);
Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2011-жыл);
Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2016-жыл);
Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2017-жыл);
Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын Ардак грамотасы (2013-жыл);
Нарын облусунундагы Ички иштер башкармалыгынын Ардак грамотасы (2021-жыл);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Ардактуу Автотранспортчу" төш белгиси (2022-жыл);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун Ардак грамотасы (2023-жыл);
Нарын облусунун ардактуу атуулу.
Үй бүлөөлү, төрт баланын атасы.