Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия
Шакиев Нурланбек Тургунбекович
Шакиев Нурланбек Тургунбекович
Кайрылуу

1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган;

Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн;

1996-1997-жылдары «Обон» гезитинин башкы редактордун орун басары, башкы редактор;

1997-1999-жылдары «Учкун» гезитинин башкы редактору;

1999-2004-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;

2005-2006-жылы «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;

2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы;

2009-2010-жылдары «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри;

2017-2021-жылдары «2 канал» (New TV) ЖЧКнын башкы директору;

2021-жылы № 17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

КМШнын аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук сыйлыктардын ээси.