1962-жылдын 9-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1990-жылы К.И.Скрябин атындагы Айыл-чарба институтун аяктап, зооинженер адистигине ээ болгон. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция багыты боюнча экинчи жогорку билимин алган.
Эмгек жолун 1982-жылы Кара-Суу районунун Калинин атындагы колхозунун зоотехниги болуп баштаган. 1983-86-жылдарда Кара-Суу агроөнөржай биримдигинде зоотехник болуп иштеген. Ушул эле жылы Кара-Суу районунун “Коммунизм” колхозунда зоотехник – селекционер катары кызмат кылган. 1986-жылдын декабрь айынан 1989 жылга чейин Кара-Суу району боюнча райондук комсомол уюмунун уюштуруу бөлүмүндө инструктор болгон. 1989-1991-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын Ош облустук комитетинде уюштуруу бөлүмүндө инструктор, сектор башчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген.
1991-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин ар кандай кызматтарында иштеген: 1991-жылы Ош аймактык фондунда башкы адис, 1992-жылы бөлүм башчы, 1995-1999-жылдары Кайра түзүү жана ликвидация башкармалыгынын жетекчиси, 1999-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош-Жалал-Абад-Баткен аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары жана башчысы кызмат орундарын ээлеген.
2003-жылдын июлунун 2006-жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.
2006-жылдан тартып 2015-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болгон.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызматтын мыктысы” төш белгисине ээси