1968-жылы 14-февралда Ош облусунун Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында туулган;
Жогорку билимдүү.
Үй-бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.
Билими:
1986-1992-жылдары Украинадагы Хмельницк Технологиялык институнун «Инженер-механик» факультети;
1995-1998-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин «Юриспруденция» адистигинин сырттан окуу бөлүмү;
1996-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрларды даярдоо борборунда «Укук таануу» адистиги боюнча толук курсту аяктаган;
Эмгек тажрыйбасы:
1992-1993-жылдары Жалал-Абад шаарынын Жалал-Абад алкоголсуз сыра бирикмесинде «микробиолог» кызматында иштөө менен эмгек жолун баштаган;
1994-2003-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген;
2004-2005-жылдары Жалал-Абад шаарынын «Достук» Коомдук аймактык башкармалыгынын башчысы;
2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты;
2021-жылы “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланды;
2004-жылы «Жеӊиш-Достук» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси;
2021 – жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты;