Маннанов Ильхом Абдукахарович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-88-97

1975-жылдын 2-апрелинде Ош областынын Араван районунун А.Юсупов айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМнин Бишкек жогорку милиция мектебин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн. (азыркы КР ИИМинин генерал-майор Э.Алиев атындагы академиясы)

Эмгек жолун 1997-жылы Өзгөн районунун ИИБсында аймактык инспектор  болуп иштөө менен баштаган.

2000-2001-жылдары Араван райондук ИИБнын аймактык инспектору;

2001-2006-жылдары Араван райондук ИИБнын тергөөчүсү;

2007-2010-жылдары Араван ИИБнын айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси;

2011-жылы Бишкек шаарынын октябрь райондук ИИБнын баңги заттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперативдик кызматкери;

2011-2012-жылдары Бишкек шаарынын ИИББнын баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын ага оперативдик кызматкери;

2012-2015-жылыдары Ноокат районунун ИИБнын жетекчисинин орун басары;

2015-жылдын март айынын август айына чейин Араван райондук ИИБнын жетекчисинин орун басары.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Милициянын майору.