1966-жылдын Ош областынын Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.
Билими:
1992-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1983-1987-жылдары Сузак районунун Атайын Мамлекеттик чарбасынын кызматкери.
1992-2000-жылдары тергөөчү, прокурордун жардамчысы, прокурордун орун басары.
2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорттук прокурору;
Кемин районунун прокурору; Жайыл районунун прокурору; Ыссык-Көл облусунун прокурору.
2006-2007-жылдары КР УКМК Башкармасынын орунбасары.
2007-2009- жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.
2009-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Волейбол Федерациясынын президенти.
2009-2010- Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча кеңешчиси.
2013- Кыргыз Республикасынын Волейбол Федерациясынын президенти.
2019- жылы Азия Волейбол Конфедерациясынын генералдык секретары.
2021-жылы № 12 Өзгөн бир мандаттык округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери.
Үй бүлөлүү, беш баланын атасы.
Кошумча маалымат:
Аскердик наамы: Генерал-майор,
Юридикалык Илимдеринин кандидаты,
Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи,
Прокуратуранын ардактуу кызматкери,
Билим берүүнүн отличниги,
Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы менен сыйланган.