1967-жылы 23-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Грозное айылында туулган;
1985-жылдан баштап 1987-жылга чейин Советтик Армияда кызмат өтөгөн;
1987-1989-жылдары Фрунзе Кооперативдик техникумунда окуп, «Даярдоочу» кесибине ээ болгон;
1989-жылдан баштап 1992-жылга чейин Чүй облусунун «ЗаготКонторасында» иштеген;
1992-жылдан 2007-жылга чейин Талас облусунун Кара-Буура районунда жеке ишкерчилик менен алектенген;
2007-2015-жылдары «Курулуш-Арсенал БМ» курулуш компаниясында директор;
2009-2012-жылдары Талас облусунун Кара-Буура райондук кеңешинин депутаты болуп эмгектенген.
2012-жылдан баштап 2015-жылга чейин Талас шаардык кеңешинин депутаты болгон;
2015-жылы Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер;
2016-2017-жылдары Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси;
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген;
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII чакырылышынын «Ишеним» фракциясынын депутаты;
Үй-бүлөлүү, үч кыз бир уулдун атасы.