Түз
эфир
1985-жылы 27-январда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Маман айылында туулган;
Жогорку билимдүү. 2002-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетине тапшырган;
Эмгек жолун 2010-жылы “Г.Өмүралиева” фирмасында директордун орун басары-менеджер болуп баштаган;
2015-2018-жылдары «Граф Инвест» ЖЧКсында техникалык директор болуп иштеген;
2018-2019-жылдары – жеке ишкер;
2019-2020-жылдары – «Айыл Маман» коомдук фондунун директору;
2021-жылы «Пансионат Витязь» мамлекеттик ишканасынын директору;
2021-жылы “Ата-Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.