Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Коргонбай уулу Жусупбек 1977–жылдын 28-ноябрында Ош  облусунун Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылында туулган, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, жогорку билимдүү, 1994-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин "Юриспруденция" факультетине тапшырып, аны
2000-жылы ийгиликтүү аяктаган. Андан тышкары 2021-жылы
Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" факультетинин магистратурасын аяктаган.

Коргонбай уулу Жусупбек эмгек жолун 2000-жылы “СпецМаг” Ачык Акционердик Коомунда  башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп иштөөдөн баштаган.

2001-жылдын 5-майынан 15-июнуна чейин “Кыргыз Биржасы Фондулук” жабык акционердик коомунда  юрист кызматын аткарган .

2002-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу “Кыргыз Ресурсу” Мамлекеттик ишканасына маркетинг бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, ошол эле жылы 6-ноябрда
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу “Кыргыз Ресурсу” Мамлекеттик Ош-Баткен башкармалыгынын ишкасанына которулуп
2006-жылдын 27-декабрына чейин иштеген.

2011-2012-жылдры “Нарынгидроэнергокурулуш” Ачык Акционердик Коомдун финансы директору кызматын аркалаган.

2015-2018-жылдары "Мармара стоун" жоопкерчилиги чектелген коомунда эмгектенген. Ошол эле жылы 28-июнунан 2019-жылдын 13-мартына чейин “КейДжи Восток Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал эми 2019-жылы 13-мартында “КейДжи Восток Сервис” курулуш компаниясы ишеним менен башкарууга өткөрүп берилген.

2012-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңешинин XXVI-XXVII чакырылыштарынын депутаты болгон.

2019-жылы ASBC (Азиялык бокс конфедерациясынын исолкомунун мүчөсү болуп шайланган.

2021-жылдын декабрь айынан тартып №5 Ноокат бир мандатуу шайлоо округунан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, азыркы учурга чейин эмгектенүүдө.

Ошол эле жылы январь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик тузүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланат.

Алган сыйлыктары:

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек Шаардык Кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган;

2015-жылы спортко маанилүү салым кошкондугу үчүн  Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясынын “Күмүш төш” белгиси менен сыйланган;

2022-жылы  оперативдүү кызматтардын ардагерлер кеңешинин коомдук фондунун “УККБ” медалы менен сыйланган.