Өмүрбаяны
1961-жылдын 21-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттикуниверситетинин Экономика факультетин «товаровед» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1982-жылы Жумгал чарба эсептик участогунда жумушчу болуп баштаган.
1982-1983 –жылдары Фрунзе кооперативдик техникумунда окутуучу;
1984- жылы Фрунзе атындагы заводдун №2 цехинде жумушчу;
1985-жылы Фрунзе шаарынын №3 даярдоо базасында жумушчу;
1986-жылы Фрунзе щаардык кондитердик өндүрүштүк бирикмесинде 3-разряддагы жумушчу;
1989-жылы Фрунзе пиво заводунда 3-разряддагы жумушчу, 4-разряддагы кыш кыноочу;
1994-жылы «Арпа» АКсынын жабдуу бөлүмүнүн инженери;
1997-жылы «АРПА-BGI BBCo» ААКсынын жабдуу бөлүмүнүн агентти;
2009-жылы «АРПА» ААКсынын коммерциялык директору;
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы