1984-жылы Кыргыз Республикасынын Ош областынын, Кара-Суу районунун, Жоош айыл округуна караштуу Мамажан айылында педагогдун үй-бүлөсүндө туулган;
1990-жылдан 2001-жылга чейин Мамажан айылындагы ата-энеси эмгектенген Т.Бердибеков атындагы №41 орто мектебинде билим алып, 2001-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Дүйнөлүк тилдер факультетинин “Чет тили жана адабияты” адистиги боюнча, 2011-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин “Экономика жана ишканаларды башкаруу” багыты боюнча экономиканын бакалавры даражасын алып, 2020-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын магистратурасында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу профили боюнча билим алып келет;
Алгач эмгек ишмердигин айыл чарба багытында көп жылдар бою иш алып барган, тактап айтканда 2002-2011-жылдар арасы башкы инженер, андан соң агротехник катары “Самидин” дыйкан чарбасында эмгектенген;
Экономика тармагында бакалавр даражасын алгандан соң,бул тармакта адистердин жетишсиздигин эске алганда, 2011-жылдан баштап 2017-жылга чейин “Самидин” дыйкан чарбасында экономист болуп эмгектенип, ошол жылдардын мыкты экономисти наамына татыган;
2011-2017-жылдар арасы күйүүчү-майлоочу материалдарды чекене жана дүң сатуу жаатында ишкердик ишин алып барган;
2017-2018-жылдары “РОССИЯ Нефть” ЖЧКсында аткаруучу директор, 2018-2020-жылдары директор, андан соң 2020-2021-жылдары башкы директор болуп эмгектенген;
Үй-бүлөлүү, 2 уул, 3 кыздын атасы